Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ар бириңерди колуңардан жетелеп үйүңөргө алып барышыбыз керекпи??!». Оштун мэри карантин маалында үйүндө отурбаган шаардыктарды тилдеди (видео)

 Таалайбек Сарыбашев агынан жарылып, азыр каникул эмес карантин экенин жарандарга эскертти

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев базарларды кыдырып жүрүп, карантин маалында үйүндө отурбаган шаардыктарды сынга алды.

Ал балдарын көчөгө чыгарып койгон ата-энелердин кенебестигине ачууланды.

Окуучуларга каникул берилди, бирок, аларды көзөмөлдөг-н эч ким жок, - деп агынан жарылды шаар мэри. -Бул каникул эмес, карантин! Түшүнүп жатасыңарбы? Үйдө отуруу керек . Силер болсо көчөгө чыгып алып, той болуп жаткансып майрамдап жүрөсүңөр. Биз ар бириңерди колуңардан кармап, үйүңөргө жетелеп барышыбыз керекпи? Үйдөн чыкпагыла, балдар менен кары-картаңдарды үйдөн чыгарбагыла.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх