Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында коомдук транспорт токтотулуп, базарлар жабылды

Жеке компанияларга да ишканаларында карантин жарыялоо сунушталды

Ош шаарында коомдук транспорттор, базарлар, кафе жана сейил бактары өз ишин токтотту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк калаанын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, карантин коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилүүдө.

- Учурда шаар боюнча коронавирус менен жабыркагандар каттала элек, бирок, биз Ноокат районуна жакынбыз, - деп белгилешти алар. - Коопсуздук максаттарында эл көп чогулчу базарлар, коомдук транспорт менен сейил бактары убактылуу жабылды.

Мындан сырткары, Ош шаарында жеке компанияларга ишканаларында карантин жарыялоо сунушталды.

- Мисалга, шаарда 100гө чейин кызматкерлери бар курулуш компаниялары бар, - дешти мэриядан. - Курулуштарын убактылуу токтотуп туруу боюнча алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, бүгүн Ноокат районунда өзгөчө кырдаал киргизилди, райондо коронавирус менен жабыркаган үч киши аныкталган.
Үчөө тең - улгайган байбичелер. Алар жакында эле Сауд Арабиясынан кичи ажылык зыяратынан кайтып келишкен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх