Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жума намазга эч ким келген жок. Абдышүкүр ажы Нарматов киши жок мечитте көзүнө жаш алды (видео)

 Буга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавируска байланыштуу жума намазга барууга тыюу салган

Кыргызстандын Алымдар кеңешинин мурдагы төрагасы Абдышукур ажы Нарматов бүгүнкү жума намазга мечитке эч ким келбегенин айтып, көзүнө жаш алды.

Видео Инстаграм социалдык тармагында жарыяланган.

Нарматов бош мечитти көрсөтүп, бул жагдай аны бушайман кылганын билдирген.

Эске салсак, буга чейин КРнын Мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавируска байланыштуу жума намазга барууга тыюу салган.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча алты киши коронавирус менен жабыркаганы аныкталган.

Алардын бардыгы Кыргызстанга Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан кайтып келишкен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх