Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмилбек Каптагаев Камчыбек Ташиевди карантинге алуу керек деп эсептейт

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысынын айтымында саясатчы «баатырдыгы» менен коомчулукту коркунучка кептеп жатат

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин «Качыбек Ташиев менен жардамчылары карантинге алынышы керек» деген билдирүүсүн саясатчы терс кабыл алып, интернетке Капатагаев ким, кайсы маалда изоляцияга алынышы керектигин билбей турганын жана иш бөлмөсүндө отуруп алып элдерди сынга аларын жооп катары жазган.

Эмилбек Саламатович саясатчы эмнеге анын билдирүүсүн мынча терс кабыл алганын түшүнбөй жатканын билдирди.

Vesti.kg сайтына берген маегинде Каптагаев Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу ал жакта болгондордун баары, анын ичинде экс-депутат Ташиев дагы карантинге алынышы керектигин белгиледи.

- Чынын айтсам, анын реакциясын түшүнгөн жокмун, - деди ал. - Мен эч кандай жаман нерсе жазган жокмун го. Тескерисинче сооптуу иш кылганын жазгам. Ал жердин жашоочулары бир нече күн бири-бирине конокко, жумуштары менен киришип-чыгышып жүрүшкөн. Өзгөчө кырдаал киргизилген ал жерде болгондордун бардыгы карантинге алынышы керек. Логика боюнча деле ушундай болуп жатпайбы. Ал эми Ташиев, албетте, өзүнүн «баатырдыгы» менен коомчулукту коркунучка кептеп жатат.

Буга чейин Ташиевдин уулу атасынын тарапташтары менен бирге Сузак районунда элге бекер бет каптарды тараткан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх