Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бек Борбиев: Байлар, элге унчукпай эле жардам берсеңер боло

Ырчы ата мекендик саясатчылардын аракеттери шайлоо алдындагы арзан пиар катары кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилеген

Белгиллүү ырчы Бек Борбиев эки-үч күн мурда коронавируска каршы күрөшкө каражат которуп, анын пикиринде «пиар» жасап жатышкан кыргызстандык олигархтардын аракеттерин катуу сынга алып, нааразычылыгын Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Борбиев эл алардын аракеттерин шайлоо алдындагы арзан аракеттер катары кабыл алышы мүмкүн экенин белгилеп кеткен.

«Урматтуу байлар! Элге жардам берсеңер унчукпай эле берсеңер боло. Башка өлкөлөрдө деле миллиондор өлкөнүн эсебине которулуп, бирок пиар жасашкан жок. Бул кылган ишиңер өзүңөрдүн, жакындарыңардын да саламаттыгы үчүн эмеспи. Шайлоо алдындагы арзан аракет катары бааланып калса өзүңөргө эле жакшы болбойт. Оору -бул сыноо. Жараткан баарыбызга ыйман берсин», - деп жазган аткаруучу.

Эске салсак, 18-мартта кыргызстандык үч жарандан коронавирус аныкталганэ Белгилүү ата мекендик олигархтар мамлекетке материалдык жардам көрсөтө башташкан. Мисалга, Урмат Барктабасов Балыкчыдагы мейманканасын бекер пайдаланууга берүүнү сунуштаган. Аскар Салымбеков 100 миң даана бет кап сатып алууга каражат бөлүүнү чечкен. Өмүрбек Бабанов дарыгерлер менен пенсионерлерди колдоого 5 млн сом которууга даяр экенин билдирсе, Камчыбек Жолдошбаев млн сом, ал эми Камчыбек Ташиев Жалал-Абад менен Сузакта 20 миң бет кап акысыз тараткан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх