Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бир катар мекемелер өзгөчө кырдаалдын киргенине карабай иштерин улантууда (видео)

 Финполиция мындан ары рейддер тынымсыз жүрүп турарын билдирди

ЭКККМКнын Бишкек боюнча башкармалыгы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте борбор калаа боюнча рейд жүргүзүп, өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаалга карабастан ишин улантып жаткан бир катар мекемелерди аныктады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) маалымдады.

Рейддин жүрүшүндө айрым мекемелер кабыл алынып жаткан чараларды көз жаздымда калтырып кадимки тартипте иштеп жатканы аныкталды. Алардын ичинде бир нече кафе, ошондой эле оюн клубу да бар.

Аталган иш-чаралар өзгөчө кырдаал мезгилинде туруктуу негизде жүргүзүлүп турмакчы.

ЭКККМнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх