Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин кире беришинде бир чакырымдык тыгын. Күбөлөр жиберген видео (видео)

ЖКККББ айдоочулар тепловизор менен текшерилип, унаалар ушундан улам чогулганын тактады

Бишкектин кире беришиндеги айланма жолдо унаалар топтолуп, тыгын жаралды. Мындай видеону «Короче» телеграм-каналы жарыялады.

«Бирден эле унаа өткөрүп жатышат. Элдер унааларынан чыгып, бири бири менен ттанышып, чай иче башташты»,- дейт видеонун автору.

Ал ортодо ИИМнин ЖКККББнын басма сөз кызматы инспекторлор менен санэпидемкөзөмөлдүн дарыгерлери Бишкектин кире беришинде ар бир авто унаа айдоочусунун дене табын текшеришүүдө.

Мекеменин басма сөз кызматы эгерде тепловизор айдоочунун дене табы жогору экенин көрсөтсө дарыгерлер аны кийинки текшерүүгө жиберишерин белгиледи.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх