Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында такси кызматтарынын иши убактылуу токтотулду

Мэрия шаардыктар карантин режимин сактабай коюшканын билдирди

Ош шаарында такси кызматтарынын иши убактылуу чектелди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк калаанын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров билдирди.

Ал мындай чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынганын белгиледи.

- Киргизилген чектөөлөр менен үйдөн чыкпоо керектиги жөнүндө сунуштарга карабай жарандар көчөгө чыгышууда, - деди ал. - Буга байланыштуу бүгүнтөн тарта такси кызматтарынын ишин токтотуп туруу чечими кабыл алынды.

Кечээ шаарга башка райондордон кирүүгө чектөө коюлган.

Ага чейин Ош шаарында коомдук транспорт, базар, кафе жана сейил бактар өз ишин токтоткон.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал режимин киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх