Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» аэропорту: Бизнес-класс менен учуп келген жүргүнчүлөр башкалар сыяктуу эле текшерүүгө алынууда

Аэропорттон бир нече күн мурда VIP кызматы убактылуу токтотулганын белгиледи

Бизнес-класс менен учуп келген жүргүнчүлөрдө текшерүүнүн өзгөчө тартиби жок. Бул тууралуу Vesti.kg «Манас» аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«МАМ» ААКнун басма сөз катчысы Алия Курбанованын айтымында мындай жүргүнчүлөр өзүнчө ыңгайлуураак зонага жиберилет, бирок, алар тепловизор менен жалпы залдан эле текшерүүгө алынышат.

- Бизнес-класс менен учуп келгендер паспорттук көзөмөлгө чогуу чыгышат, - деп белгиледи Курбанова. - Балким, эртээрек чыгышаттыр.

Мындан сырткары, ал бир нече күн мурда жүргүнчүлөр чек ара көзөмөлдөн өзүнчө жол менен өтө алган VIP кызматы убактылуу токтотулганын билдирди.

- Бизде болгону бир гана Москва-Бишкек каттамы болот, андыктан, VIP кызматы жок, ал азыр иштебейт, - деп тактады аба майданында. Бардыгы бир залдан өтүшөт. Бул Республикалык штабдын чечими.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх