Бишкекте жылуулук берүү кайра башталат
Мэр Азиз Суракматов буйрукка кол койду
Бишкекте үйлөргө кайрадан борбордук жылуулук берүү башталат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Калаа башчысы Азиз Суракматовдун буйругунда мындай чара аба температурасынын төмөндөшү күтүлүп жатканына байланыштуу коронавирустук инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынып жатканы белгиленди.
Жылуулук берүү канчага созулары айтылган жок.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз