Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин коменданты: Коменданттык саатты бузгандар бөлүмдөргө жеткирилет

ИИМнин башчысынын орун басары шаардыктар өздүгүн аныктоочу документтерди жандарына алып жүрүшү керектигин белгиледи. Милиция күнү-түнү көчөлөрдү кайтарып, көзөмөлдөйт

Бишкектиктер борбор калаанын көчөлөрү менен ээн-эркин баса албайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында учурда коменданттык саат боюнча так буйрук жок.

-Өзгөчө абал мезгилинде шаардыктар үйлөрүндө болушу керек. алар Бишкектин көчөлөрүндө ээн эркин баса алышпайт, - деп тактады Орозалиев. - Бишкектиктер көчөгө зарылдык болгон учурда гана - азык-түлүк алуу үчүн дүкөнгө же дары алууга дарыканаларга гана бара алышат. Коменданттык саат маалында конокко барып, көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүүгө болбойт.

Мындан сырткары, шаарда күнү-түнү укук коргоо органдарынын кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылышат.

- Коменданттык саатты бузгандар коменданттык бөлүмдөргө жеткирилет, - деди Орозалиев.
Эске салсак, Бишкек жана башка шаарларда өзгөчө абал жарыяланып, комендатуралар түзүлдү. Өзгөчө абал 25-марттан саат 08:00дөн баштап, 15-апрель саат 08:00гө чейин кирүүдө.

Гулиза Чудубаева
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх