Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда коронавирус менен жабыркаган дагы 26 адам аныкталды. Жалпы ооругандардын саны 42ге жетти

 Мындан сырткары, алдын ала вирус бар деген жыйынтык менен жаш балдар ооруканага жаткырылды

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 26 учур катталды. бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Республика боюнча ооругандардын саны 42ге жетти.

Оорулуулар төмөндөгү медициналык мекемелерде экени белгилүү:

-Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникасы

-Ош облус аралык клиникалык ооруканасы

-Ноокат аймактык ооруканасы

-Жала-Абад облустук клиникалык ооруканасы


-Баткен облустук бириктирилген ооруканасы

Мындан сырткары дагы төрт адам алдын ала вирус бар деген жыйынтык менен ооруканага жаткырылды. Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү болууда, азырынча аларда терс жыйынтык көрсөтүүдө.

Жалпы жонунан 142 адам жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Алардын арасында вирус аныкталган бир жашка чыга элек эки бөбөк бар;

6 жаштагы 1 балада - вирус аныкталган;
14 жаштагы 1 өспүрүмдө– вирус аныкталган.

Калган бейтаптардын жаш курагы 16 жаштан 86 жашка чейин.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх