Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте коменданттык саат 20:00дөн 7:00гө чейин жүрөт. Аскерлер киргизилет

Борбор калаанын конокторуна шаардан чыгып кетүү сунушталды

Бишкекте коменданттык саат күн сайын 20:00дөн 7:00гө чейин жүрөт. Бул тууралуу басма сөз жыйында Бишкектин коменданты, ИИМнин башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев маалымдады.

Белгилүү болгондой, борбор калаага куралдуу күчтөрдүн аскерлер кызматкерлери киргизилип, алар блокпостторду кайтарышат.

- Коменданттык саат маалында көчөдө жүргөн жарандар коменданттык саат бүткүчө кармалышат, - деди Орозалиев.

Коменданттык саат маалында атайын өткөрмө кагаздар берилгендер гана жүрө алышат.

- Банктар менен азык-түлүк дүкөндөр кадимки тартипте иштерин улантат, - деди Бишкектин коменданты.

Борбор калаанын конокторуна шаардан чыгып кетүү сунушталды.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх