Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус жуктурган бардык 26 жаңы учур Кыргызстандын түштүгүндө катталды

 Бишкекте илдетти жуктурган жаңы бейтаптар жок

Коронавирус жуктурган бардык 26 жаңы учур Кыргызстандын түштүгүндө катталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтынка КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

- Сузак районунда - 9 адам, Ала-Бука районунда -2, Ош шаарында -8, Кара-Суу районунда -1, Ноокат районунда -6 жаңы бейтап аныкталган.

Эске салсак, азыркы тапта Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган бейтаптардын жалпы саны 42ге жетти, алардын ичинен эки киши учурда Бишкекте.

Алардын бирөө Франциядан келип, мурдагы «Ганси» базасында жайгашкан «Манас» аба майданынын обсервациялык борборунда, ал эми экинчи бейтап кичи ажылык зыяратынан келип, борбор калаадагы «Ак-Кеме» мейманканасына изоляцияга алынгандардын арасында болгон.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх