Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө абал: Маршруттук баракчаны кантип толтуруу керек жана үйдөн кайсы учурларда чыгууга болот

Өзгөчө абал режиминде өзүн өзү алып жүрүү эрежелери жана чектөөлөр

Өзгөчө абал кирген Бишкекте жана башка аймактарда коомдук транспорт менен такси кызматтарынын иши толугу менен токтотулат. Бул тууралуу кечээ кечинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов брифингдин жүрүшүндө маалымдады.

Мындан сырткары, өзгөчө абал кирген аймактарда жашаган тургундар коменданттык саат маалында көчөгө чыгууга катуу тыюу салынат. Күндүзгү убакытта дарыкана, азык-түлүк, медициналык мекемелерге гана чыгууга болот.

Күндүз ушул себептер менен эшикке чыккан жарандардын жанында өздүгүн аныктоочу документ жана кайгуул милициясынын кызматкерине көрсөтүлчү маршруттук баракча болушу керек.

Маршруттук баракча кол менен жазылат. Анда төмөндөгү информация камтылышы керек:

- Аты-жөнү
- телефон номуру
- үйдөн чыгуу себеби
- үйдөн чыгуу убактысы
- канча убакытта үйгө барары
- жашаган жери
-бара турган жеринин дареги

Маршруттук баракчада көрсөтүлбөгөн дарек боюнча жүргөнү аныкталган  жарандар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Брифингде ошондой эле шаар ичиндеги транзиттик жүк ташууларды жүргүзүүгө болбой турганы айтылды. Жүк ташуучу унааларга айланма жолдор менен жүрүүгө гана уруксат брилет.

Өзгөчө абал кирген аймактардагы дыйкандар менен фермерлерге коменданттык саат учурунда жана күндүзгү убакытта жазгы талаа иштерин аткарууга тийиштүү шарттар түзүлөт.

Эске салсак, Бишкекте коменданттык саакт 20:00дөн 7:00гө чейин жүрөт. Бул убакытта жарандар менен транспорттун жүрүүсүнө тыюу салынат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх