Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББ: Өзгөчө абал режимин бузган такси айдоочулары менен жеке жүргүнчү ташуучулардын унаалары айып короого киргизилет

Айдоочуларга карата дагы тийиштүү чаралар колдонулат

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргендигине байланыштуу ИИМнин ЖКККББ аталган аймактардагы ишкана, мекеме жана уюмдардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө укуктук абал бекитилгенин маалымдайт.

Өзгөчө абал режими учурунда коомдук транспорт жүрбөйт, ошондой эле коомдук транспорт коронавирустун жайылуу тобокелдигин жараткандыгы үчүн шаардык такси кызматтарынын жана жеке жүргүнчү ташуучулардын ишине дагы тыюу салынат.

Учурда ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Өзгөчө абалдын талаптары аткарылбаган учурда шаардык такси жана жеке жүргүнчү ташыгандардын унаалары ИИБнын токтотуучу жайларына киргизилип, ал эми режимди бузган айдоочуларга карата мыйзамга ылайык чаралар колдонулат.

ЖКККББ жарандардан, транспорт каражаттарынын айдоочуларынан киргизилип жаткан чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

ИИМнин ЖКККББнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх