Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө абал маалында Бишкекте жүрүүгө кандай документтер керек?

Вице-премьер кимге жумуш ордунан алынган справка жетиштүү экенин, ал эми кимдерге жетекчиликтин буйругунун көчүрмөсү менен ишкананын кызматчыларынын тизмеси зарыл болорун түшүндүрдү

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев учурда ишмердүүлүгүнө уруксат берилип, иштеп жаткан ишканалар өздөрүнүн кызматчыларын үйүнө барып келиши үчүн транспорт уюштурушу керектигин билдирди.

- Кечээтен тарта Бишкекте коомдук транспорт менен такси кызматтары өз ишин токтотту, - деп эске салды ал. - Бирок, учурда айрымдар буга карабастан шаарда жүрүшөт. Мындай болбошу керек. Жакынкы арада биз мунун бардыгын тартипке салабыз. Иштөөгө уруксат берилген ишканалар кызматчыларын ташый турганы боюнча буйрук чыгат.

Жарандарды ташыган транспорттун айдоочусунун жанында буйруктун көчүрмөсү жана кызматчылардын тизмеси болуусу зарыл. Ал эми кызматчылар алар чынында эле аталган ишканада иштей тургандыгы жөнүндө маалымкат, ошондой эле маршруттук баракча алып жүрүүлөрү керек. Бардык жерде кол коюлушу керек.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх