Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи керектөөдөгү жүктөр Бишкекке күнү-түнү тоскоолдуксуз ташылат

Тийиштүү буйрук жакын арада даяр болот

Бишкек боюнча биринчи керектөөдөгү жүктөрдү ташуу боюнча буйрук жакынкы арада чыгат. Бул тууралуу онлайн-брифингдин жүрүшүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев маалымдады.

- Азык-түлүк, дары-дармек, жеке коргонуу каражаттары жана күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган бардык жүктөр Бишкек боюнча күнү-түнү тоскоолдуксуз жүргүзүлүшү керек, - деди ал. - Буйрук бардык блокпостторго таратылат жана жакынкы арада ЖМК менен интернетте сканерленген түрдө жарыяланат.

Сиздер буйрукту өз алдынча чыгарып алып, айдоочулар менен экспедиторлорго тапшырсаңыздар болот. Алардын колунда документтин көчүрмөсү болушу керек. Айдоочунун жанында ал тигил же бул товарды ташыганын ырастаган маршруттук баракча болууга тийиш.

Эркин Асрандиев Бишкектин коменданты шаар боюнча 9 блокпост орнотконун белгиледи.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх