Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирустан каза тапкандардын сөөгү ислам дининин шартында кантип жуулат? Чубак ажы Жалиловдун жообу

Буга чейин КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги маркумдарды жерге берүүдө коопсуздукту сактоо эрежелерин жарыялаган

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов жакындары коронавирустук инфекциядан каза тапкан мусулман үй-бүлөлөрү
эмне кылышы керектигин айтып берди.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Maral.FM. радиосуна берген маегинде маркумдарын сөөгү кантип жуула турганы боюнча маалымат берген.

«Негизи Кудай сактасын! Бул жаман илдет эч кимдин өмүрүн албасын. Бирок, эгер биздин өлкөдө ушундай бир кырдаал катталып калса, ага азыр Аалымдар кеңешинин фатвасы даяр. Биз бул маселеде Борбор Азия өлкөлөрүнүн башка аалымдары менен да кеңештик. Ага ылайык, эгер коронавирустан каза тапкан учур катталса, анда сөөктү дарыгерлер жууп берет. Эгер үйдөн жакындары жууш керек болсо, анда дарыгерлердин көрсөтмөсү менен, коргоочу кийим кийип, сууну сөөккө колду тийгизбей, чачып жууйт. Анда да болбойт десе, кургак таяммум жасалат. Эгер дарыгерлер такыр болбойт деген чечим чыгарса, анда сууга алынбай эле жерге берилет».

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык маркумдарды жерге берүүдө коопсуздукту сактоо эрежелерин жарыялаган.

Манас Кольбаев
Фото www

 Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх