Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус боюнча Кыргызстандагы абал. Жалал-Абадда айыккандар бар

Бейтаптар бүгүн ооруканадан чыгарылышы мүмкүн

Коронавирустук инфекциядан айыккан алгачкы бейтаптар бүгүн Жалал-Абаддагы ооруканадан чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Канча бейтап үйүнө кетери азырынча белгисиз. Жарандар медициналык мекемеден чыгардан мурда аларды жугуштуу оорулар боюнча дарыгер, вирусолог жана эпидемиологдон турган комиссия карап чыгат.

Муну менен бирге Чолпонбаев өлкөнүн түштүгүндө түзүлгөн оор эпидемиологиялык абалга байланыштуу Бишкектен Жалал-Абадга дарыгерлердин тобу жөнөтүлгөн.

Муну менен облустук клиникалык ооруканаларга бир ай бою жардам көрсөтүү максатында Жалал-Абад, Ош жана Баткен аймактарына ыктыярчы дарыгерлердин экинчи бригадасы барууда.

«КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги ыктыярчыларды иш сапарларынын мөөнөттөрүнүн аягына чейин жеке коргонуу жана тамак-аш жагынан толугу менен камсыздады, - деп билдиришти мекемеде. - Негизги жумуш орундары боюнча маяналары толук сакталат, ошондой эле кошумча төлөмдөр да берилип, каражат КРнын мыйзамдарына ылайык жана ошондой эле, Эпидемиологиялык фонддон дагы каржыланат».

Фото www

 Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх