Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жөө жүрүүчү патрулдук кызматкерлер күндүз көчөдө жүргөн жарандарды тартипке салат

Кубатбек Боронов: «Бишкектиктер абал кооптуу экенин дагы деле түшүнбөй жатышат»

Биринчи вице-премьер 410 жөө жүрүүчү патрулдук кызматкерлердин каттамы иштелип чыкканын билдирди.

Медиктерге коронавируска каршы күрөш үчүн кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйынынын жүрүшүндө биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата 7096 адамдардын анализдеринин жыйынтыгы чыкты, алардын ичинен 94 кишиде коронавирус аныкталды, калгандарда вирус чыккан жок. Башка өлкөлөрдөн келгендердин саны - 1 миң 959 киши.

94 бейтаптын ичинен Жалал-Абад облусунда 50, Ош облусунда - 24, Чүй облусунда -3, Баткен облусунда -1, Ошто - 8, Бишкекте -7, Нарын облусунда -1 адам.

283 санитардык-карантиндик блокпосттор орнотулду. Тилекке каршы, биздин жарандар дагы деле абал кооптуу экенин түшүнбөй, көчөгө чыкканды токтотпой жатышат.

Буга байланыштуу, Кубатбек Бороновдун айтымында, күндүз көчөгө чыккан жарандарды тартипке чакыруу максатында штабдын чечими менен 410 жөө жүрүүчү патрлукдук кызматкерлердин каттамы түзүлгөн.

Медина Купсулдаева
Фото www

 Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх