Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дагы төрт кишиден коронавирус чыкты

Кыргызстанда СOVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 111ге жетти

2020-жылдын 1-апрелине карата СOVID-19 вирусун жуктурганы аныкталган дагы төрт учур катталды. Бул тууралуу онлайн-брифингдин жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Ооруну жаңы жугузгандардын ичинен бирөө чет өлкөдөн келген, калганы мурда жабыркагандар менен байланышта болуп жугузуп алышкан.
Ошентип, өлкө боюнча ооругандардын жалпы саны 111ге жетти. Алардын арасында 59 аял жана 52 эркек.

Ошондой эле, Мамбетов жасалма деп алдыруучу аппаратта жаткан бейтап өз алдынча дем алып калганын, абалы туруктуу оор экенин кошумчалады. Учурда кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө үч бейтап дарыланууда.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх