Кыргызстандыктар социалдык тармактарда Алтынай Өмүрбекованы колдогон акция башташты
Соцтармактардын колдонуучулары экс-вице-премьердин татыктуу иштегенин белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришүүдө
Кыргызстандыктар бүгүнтөн тарта мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы колдогон акция башташты.
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары мурдагы аткаминер айымдын ишин татыктуу алып барганын белгилеп, #рахматАлтынай жана #эңмыктывице хештегдери менен ага ыраазычылыктарын билдирип жатышат.
Эске салсак, Алтынай Өмүрбекова бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кызматынан алынган.
Вице-премьер-министрлик кызматка ал 2018-жылдын 20-апрелинде.
Манас Кольбаев
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз