Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Комендант: Эгерде 1,5 км радиуста дүкөн жок болсо, башка жакка бара берсеңер болот

Алмаз Орозалиев: Коронавирустук инфекцияны биримдик менен гана жеңе алабыз

Кыргызстандыктар биримдикте гана коронавирусту жеңе алышат. Бул тууралуу онлайн-брифингдин жүрүшүндө ИИМнин башчысынын орун басары, Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

- Биз азыр дүйнө жүзүнө коркунуч туудуруп жаткан вирус менен күрөшүп жатабыз, - деп эске салды ал. - Оор кырдаалда жарандарга кайрылат элем: бул пандемияны эч ким жалгыз жеңе албай турганын түшүнүшүбүз керек. Вирус биздин шаарга кирди. Биз биримдикте, уюшкандыкта жана ыкчам иш алып барууга тийишпиз. Дарыгерлерге, аскер кызматкерлерине, тартип сакчыларына жана соцкызматкерлерге талыкпас эмгектери үчүн терең ыраазычылык! Мен дайыма сиздер мененмин. Биз биргеликте шаарыбызды коргойбуз!

Алмаз Орозалиев жакындары каза болгон жарандар маршруттук баракча менен маркумдардын тажыясына катыша алышарын белгиледи. Баракчада бара турган дарек жана маркумдун каза болгону тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү болууга тийиш.

- 1,5 км радиус чектөө боюнча, эгерде аталган радиуста азык-түлүк дүкөнү жок болсо, анда маршруттук баракчага жагдайды жазып, башка жерден азык-түлүк же дары-дармек алууга болот.

Мында сырткары, ИИМнин башчысынын орун басарынын айтымында өзгөчө абал маалында башка шаардан Бишкекке келүүгө болбойт. Бирок, Чүй облусу боюнча айланма жол менен кыймыл токтогон жок.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх