Кыргызстанда дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды
- жолу 900 кароо
Вирус жугузганы аныкталган бейтаптардын бардыгы обсервацияда жаткан
Кыргызстанда 6-апрелге карата дагы 69 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу онлайн-брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымдады.
Анын айтымында илдетти жугузган бардык бейтап обсервацияда жаткан.
Бүгүнкү күнгө карата 10 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган, дагы 23 бейтап жакын арада үйлөрүнө кайтат.
Эске салсак, жалпы жонунан Кыргызстанда COVID-19 вирусу 216 кишиден табылган.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Загрузка...