Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектиктер үчүн өз алдынча дартты аныктоо боюнча түз байланыш кызматы иштеп баштады 

Дарыгер телефон аркылуу суроолорго жооп берет. Эгерде коронавирустун белгилери болсо бейтапка дарыгерлердин мобилдик тобу жөнөтүлөт

2020-жылдын 6-апрелинде, эртең мененки саат 8:00дөн тарта бишкектиктер үчүн «Бейтап – Call-центр – Саламаттыкты сактоо системасы»  - алгачкы өз алдынча дартты аныктоо алгоритми иштей баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Эми борбор калаанын жашоочулары 118 номурундагы саламаттыкты сактоо министрлигинин түз байланыш кызматы аркылуу өз алдынча дартты аныктоо суроолору боюнча ыкчам медициналык консультация ала алышат.

Дарыгерлер телефон аркылуу эпидемиологиялык анализ чогултушуп, телефон чалган жарандын акыбалы боюнча толук жагдайды такташып, адистер тарабынан иштелип чыккан анкета толтурушат.

Кайсы учурларда түз байланыш кызматына чалганыңыз дурус:

- Акыркы 30 күндүн ичинде башка өлкөдөн келсеңиз;

- Өлкөнүн начар эпидемиологиялык абалдагы аймактарына барсаңыз;

- Сизде COVID-19 вирусун жугузганы аныкталган жаран менен тыгыз байланыш болгон болсоңуз;

- Обсервация жайларында же дарыгерлердин көзөмөлүндө үй карантинине алынган болсоңуз;

- Белгилер бар: дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп же күйүгүп жатсаңыз.

Өз алдынча дартты аныктоо линиясы эртең мененки 8ден кечки 19:00гө чейин иштейт.

Инфекция болушу мүмкүн деген коркунуч жаралса жерине дарыгер, эпидемиолог жана лаборанттан турган дарыгерлердин тобу барып, үй шартында экспресс-скрининг жүргүзүшөт.

Экспресс-тесттин жыйынтыгы боюнча бейтап ПЦР-анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин үйүндө изоляцияга алынып, тартип коргоо органдары анын коопсуздугун камсыздайт.

Ошондой эле карантиндеги жарандардын кыймылын жана ден-соолук абалын каттап туруу үчүн мобилдик тиркеме да иштелип чыкты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх