Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык:«Кыргыз досторум эне тилин унутуп, түндүк-түштүк болуп бөлүнүшкөнүнө абдан өкүнөм» (видео)

Владислав мамлекеттик тилде коронавируска каршы күрөштө биримдиктүү болууга чакырды

Владислав атуу кыргызстандык мекендештерине кыргыз тилинде кайрылып, түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, коронавируска каршы күрөштө биримдиктүү болууга чакырды. Анын бул видеосу Инстаграм социалдык тармагында тараган.

«Менин атым Владислав. Мен Кыргызстанда төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Мен кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Бирок, менин кыргыз досторум эне тилин унушутуп, башка тилде сүйлөшкөнүнө, түндүк-түштүк, уруу-айылдаш деп элди бөлүп жарганына абдан өкүнөм. Башка улуттагы өз жердештерин өздөрүнөн төмөн көргөн досторума абдан таң калам. Урматтуу мекендештер, биз өз мекенибизди бардыгыбыз бирдей жакшы көрөбүз. Манас бабабыз айткандай: «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралык!». Бул илдетти биз биргеликте жеңебиз. Алга, Кыргызстан!», - дейт видеодо кыргызстандык.

Фото www

Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Mambetova 08.04.2020 12:31
Кыргыз-орус дебей, националистерди укпай, биз эки тилди тең алып жүрүшүбүз керек! Жалаң эле кыргыз тил менен эч жакка, ал эмес коңшуларга чыга албайбыз! Кыргыз генетикасы боюнча орус болот - восточные славяне, потомки легендарных гуннов, скифов, которые пришли с Запада!
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх