Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус чыкты. Өлкө боюнча ооругандардын саны 280 болду

Алардын ичинен экөө - дарыгерлер

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жугузган жаңы 10 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

- Бишкекте - 1, Ош облусунда - 1, Ош шаарында - 3, Жалал-Абад облусунда - 5, - деди ал. Илдетти жуктурган дарыгерлерди саны 34, алардын ичинен экөө бүгүн аныкталгандар. Ооруканаларда 246 адам бар, 10у оор абалда, 5 адам кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх