Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19 жугузган кыргызстандыктар кимдер менен байланышта болгонун айтпай жатышат

Кубатбек Боронов эмнеге бийлик коронавирус менен ооруган жарандардын аттары менен даректерин ачыктабай жатканын түшүндүрдү

Коронавирус жугузган кыргызстандыктар кимдер менен байланышта болгонун ыкчам штабга айтпай жатышат. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

- Жарандар кимдер менен байланышта болгонун айтпай койгон учурлар абдан көп, бирок, биз иш тиешелүү иштерди жүргүзүп, аларды аныктап жатабыз, - деди ал. - Бүгүнкү күнгө карата биринчи категориядагы байланыштагы адамдардын тесттери даяр, экинчи категориядагы жарандар боюнча иш дээрлик аяктап калды. Эмне үчүн биз ооругандардын аттары менен жашаган жерлерин ачыктабай жатканыбыз боюнча, биринчиден дарыгердик сыр деген бар. Ошондой эле жеке маалыматтарды жарыялоо этикалык түшүнүк боюнча да туура эмес го дейм.

Эске салсак, Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелине карата Кыргызстанда коронавирустук инфекцияны жугузган 270 учур катталды.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх