Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирус жугузган дарыгерлерге кандай кенемте төлөнөрү азырынча белгисиз

Буга чейин кызмат ордунда COVID-19 жугузган дарыгерлерге 200 миң сомдон төлөнөрү айтылган эле

Кыргызстандын өкмөтү кызмат ордунда коронавирустук инфекция жугузуп алган медициналык кызматкерлерге төлөнө турган компенсациясынын өлчөмүн азырынча беките элек. Бул тууралуу COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик штабдын басма сөз кызматы маалымдады.

«Буга чейин айтылган 200 миң жана 1 млн сом дагы учурда каралып жатат», - деп такташты алар.

Эске салсак, кечээ коронавирус жугузуп алган дарыгерлерге 200 миң сомдон төлөнөрү, ал эми алар каза тапкан учурда үй-бүлөсү 1 млн сомдон компенсация алары айтылган эле.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх