Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Имбирь менен лимон коронавирустан сактайбы? Саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу​

COVID-19 менен күрөштө элдик медицинага ишенгендер көбөйдү

Кыргызстандын дүкөн, базарларында лимон менен имбирдин баасы кескин жогорулап кеткени байкалды.​
Буга социалдык тармактарда бул азыктар организмди коронавирустук инфекциядан сактап, ал тургай дарылай ала турганы жөнүндө байма-бай жазылган билдирүүлөрдүн таасири болду деген пикирлер жок эмес.​

Vesti.kg азык-түлүк дүкөнүнүн ээси Асел Суракматова айым менен бул тема туурасында баарлашып, ал бизге имбирь менен лимонго болгон суроо-талап менен алардын баасы канчалык жогорулаганын айтып берди.​
- Кышында эле «Сары-Өзөн» дүң базарында лимондун бир килограммы 75 сом болчу, бүгүнкү күндө анын баасы 300 сомдон 400 сомго чейин жетип, күн сайын өзгөрүп жатат. - Эпидемия башталганга чейин имбирдин бир килограммы базарда 120 сом болсо, азыр ал 1100 сомго көтөрүлүп кетти.​

Vesti.kg ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө мамлекеттик илимий-тажрыйбалык борборунун адиси Алексей Кравцовго кайрылып, «Лимон менен имбирь чынында эле коронавирустук инфекциядан сактайбы?» деген суроону узаттык.​
- Лимондо С витамини көп болгондуктан, ал коронавирустан сактап же дарылай алат деген ойлор пайда болгон го, кыязы. - Чындыгында бул өсүмдүк болгону иммунитетти жакшыртат. Имбирь дагы ошондой, иммунитетке пайдалуу. Алар организмди коронавирустук инфекциядан сактап, же дарылап жибербейт, албетте. Эл пандемия маалында дүрбөлөңгө түшүп, баарына ишене береринен кимдир-бирөөлөр пайдаланып кетип жатышат ойшот.​

Лимон менен имбирь коронавирустан сактаарына кыргызстандыктар эле ишенип жаткан жок, алардын баасы асман чапчып кеткенин казакстандык, орусиялык ЖМКлар дагы жазышууда.​

Белгилүү дарыгер-педиатр, жазуучу жана теле алып баруучу Евгений Комаровский 2-апрелде лимон менен имбирь аларды саткан сатуучулардын материалдык абалын гана жакшырта аларын айтып чыккан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www​

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх