Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ: Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар

Дагы 8 жаранда COVID-19 вирусуна шек бар

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата чет өлкөлөрдө коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталган 23 кыргызстандык бар. Бул тууралуу брифингде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

- Илдетке чалдыккан үч Кыргызстандын жараны Бириккен Араб Эмираттарында, жетөө Пакистанда, Индия менен Испанияда бирден кыргызстандык бар, - деп тактады ал. - Мындан сырткары, Малайзиядагы төрт студент COVID-19 жуктуруп алышкан. Алардын бирөөсү оорудан айыгып чыкты. Буга чейин коронавирус аныкталып, Казакстанда калган жүк ташуучу унаалардын үч айдоочусу жөнүндө маалымат айтылган. Бул жарандардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Ниязалиев АКШда 8 кыргызстандыкта коронавирус шектелип жатканын кошумчалады.


Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх