Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта коронавирус жуктурган бир дагы адам жок. Себеби эмнеде? Ыкчам штабдын жообу

COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик штаб жергиликтин сапаттуу иш-аракеттерин жана аймактын тургундарынын жоопкерчилигин белгиледи

2020-жылдын 9-апрелине карата Кыргызстанда коронавирустук инфекция менен жабыркаган 280 учур катталды.

Ал ортодо Талас облусунда ушул күнгө чейин бир дагы адамдан COVID-19 чыкпаганы көптөгөн жарандарды таң калтырууда.

Vesti.kg аталган аймакта коронавирустун киришине жол бербөө үчүн кандай чаралар көрүлгөнүн жана облус ушул күнгө чейин «таза» бойдон келатканынын себептери эмне болушу мүмкүн экенин аныктоону чечтит

COVID-19 менен күрөшүү боюнча мамлекеттик штабдын басма сөз кызматы учурда Талас облусунда обсервацияда 21 адам бар экенин, ошондой эле 1070 жаран үй карантинине алынганын билдиришти.

- COVID-19 вирусунун Кыргызстанда жайылышына жол бербөө боюнча алгоритм өлкөнүн бардык аймактары үчүн бирдей кабыл алынган, - деп жооп беришти алар Vesti.kg сайтына. - Бүгүнкү күндө Талас облусунда Казакстан менен чек арада бир санитардык-карантиндик пост орнотулган. Облустун жетекчилигинин мыкты көзөмөлү менен тийиштүү талаптардын бардыгын аткарып жаткан Талас облусунун калкынын жоопкерчилигин да белгилеп кетүү керек. Таластыктар ушул эле бойдон коронавирусту аймакка киргизбей, туруктуу абалды сактап кала алышат деп ишенебиз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх