Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда үй карантинине алынган жарандар уюлдук тиркеме аркылуу текшерилип турат

Жарандардын ден-соолугун санарип форматында сырттан текшерип турууга мүмкүндүк берген атайын мониторинг системасы ишке кирди

Кыргызстанда үй карантинине алынган жарандардын ден соолугу менен карантиндин талаптарын сактап жатышканын санарип форматында сырттан текшерип турууга мүмкүндүк берген атайын мониторинг системасы иштеп баштады.
Үй карантинине алынган жарандын телефонуна анын ыктыярдуу макулдугу менен атайын мобилдик тиркеме орнотулат. Система жарандын өзүнүн абалы тууралуу берген маалыматтырынын негизинде анын ден-соолугунун көзөмөлдөп турат. Тиркемедеги SOS баскычы аркылуу жарандар медициналык кызматкерлерге билдирүү да жөнөтө алышат.

Ошондой эле үй карантининин талаптарын аткарып жатканын тастыктоо үчүн үй карантинине алынган адам геолокация функциясы аркылуу өзүнүн кайда экени боюнча маалымат жөнөтүп турат.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх