Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Азия Микс» КВН командасында ойногон «Маратик» коменданттык саат маалында кармалды (видео)

Марат Жаналиев муктаж адамдарга азык-түлүк жеткирип жүрүп, үйүнө жетишпей калганын түшүндүргөн

«Азия Микс» КВН командасынын катышуучусу Марат Жаналиев («Маратик») коменданттык саатты сактабаганы үчүн кармалды. Тийиштүү видео Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиевдин Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жарыяланган .

Марат Жаналиев өзү эмнеге үйүнө саат 8ге чейин барууга жетишпей калганын Vesti.kg сайтына айтып берди. Анын айтымында ал муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирип жүргөн.

- Биз жети киши болчубуз, жарымыбыз азык-түлүк сатып алып, калганыбыз аларды таратып жүргөнбүз, - деди ал. - Биз унааны бошотушубуз керек эле, муктаж үй-бүлөлөргө арналган баштыктарды даярдашыбыз керек болчу. Ошондуктан кармалып калдык, бизге айып пул салышты.

Жаналиев ошондой эле «Илшат» коомдук фондук ««Садака Джария» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Кыргызстан боюнча 2600 түтүнгө жардам бергенин айтып берди.

- Күнүнө биз болжол менен 400 баштык жеткирип жатабыз, - деп белгилеген ал.

Гулиза Чудубаева
Фото и видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх