Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын вице-спикери: Коронавирус жуктурган дарыгерлер өлүм менен күрөшүп жатышат. Кан жөтөлгөндөрү бар

Аида Касымалиева Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күндө илдетке чалдыккан дарыгерлерге компенсация төлөбөй коюуга шылтоо издеп жатканына ачууланды

Коронавирустук инфекция жуктурган Ош шаарынын дарыгерлеринин айрымдары кан жөтөлүп жатышат. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди. Ал илдетке чалдыккан дарыгерлер менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

«Көбү кошумча аппаратка кошулган, сүйлөй албай, кан жөтөлгөндөрү да бар. Мени менен сүйлөшүп жатып да аба жетпегенинен кыйналып жатышты. Алар өлүм менен күрөшүп жатышканын айтып ыйлашты, аларга айыгуудан башка азыр эч нерсенин кереги жок. Бирок, аларды тойго барышып, коронавирус жуктурушкан деп айыпташканы, албетте аларды ызалантып, ыйлатты. Алардын кадырын коргоп берүүнү суранышты. Өмүр бою иштеген абдан тажрыйбалуу дарыгерлер», - деп жазган вице-спикер.

Мындан сырткары депутат Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлерин жетекчилик умрадан келгендерден анализ алуу үчүн жөнөткөнүн кошумчалады.

«Алар ал жерде атайын формачан болушкан, бирок, кийин башка дарыгерлер менен бирге ординаторлук бөлүмдө, маршруткада чогуу отурушкан. Ыкчам штаб үчүн ажы той боюнча маалымат берген Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери жазаланышы керек. Бул маселе ЖКте да дыкат каралып чыгат. Мен расмий негизде премьер-министрге да, штабга да кайрылдым», - деп кошумчалаган Касымалиева.

Вице-спикердин айтымында Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күндө илдетке чалдыккан дарыгерлерге компенсация төлөбөө үчүн шылтоолорду издеп жатат.

«Ооруга чалдыкпаган башка көптөгөн врачтар кайрылып жатышат. Кенемте төлөбөй коюу максатында айла- амал издешип, дарыгерлердин өздөрүн күнөөлөп жатышканын айтышты. Унчукпагыла деп кысым кылышууда дешти. Урматтуу саламаттыкты сактоо министрлиги, бул маселе иликтенбей калбайт», - деп жазган депутат.

Эске салсак, 8-апрелде өткөн брифингдин жүрүшүндө биринчи вице премьер-министр Кубатбек Боронов Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери кичи ажылыктан келген кошунасынын тоюна барган кесиптешинен коронавирус жуктурп алышканын билдирген.

Кийин медициналык кызматкерлер вице-премьерге кайрылуу жөнөтүшүп, анын сөздөрүн төгүнгө чыгарышкан.

13-апрелге карата Кыргызстанда 79 дарыгер коронавирус жуктуруп алды.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх