Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын 15 жараны Япониядан келе албай жатат. «Аэрофлот» компаниясы аларды бир шарт менен алып келүүгө даяр

Мекендештер КРнын өкмөтүнөн жардам сурашып, 2-майда “Манас” аэропортун ачууну өтүнүштү

Японияда 15 кыргызстандык мекенине келе албай турат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына алардын бири Мураталы Керимбаев билдирди.

Анын айтымында “Аэрофлот” авиакомпаниясы, эгерде “Манас” аэропорту 2-майда ачылса аларды алып келүүгө макул болгон.

- Мен бул жакка Кыргызстанда өзгөчө абал кире электе эле жумуш боюнча эки жумага келген болчумун, 2-апрелде кайра кетишим керек эле, - деди кыргызстандык. - Бирок, өзгөчө абалдан улам мен бул жакта бир айдан бери жүрөм. Биз улам билет сатып алабыз, бирок, “Манас” аба майданы каттамдарды кабыл алуудан баш тартып жаткандыктан алар күйүп кетип жатат. Биз 2-майга билет алдык. “Аэрофлот” компаниясы эгерде биздин аэропорт каттамга макулдук берсе, бизди Кыргызстанга жеткирерин айтты. Мен билетке эле 900 доллар короттум. Бул жерде жашоо кымбат, мейманкана менен хостелдер бир түн үчүн 50-60 доллар талап кылышат.

Керимбаев мындай көйгөйгө дагы 14 кыргызстандык туш болгонун белгиледи.

- Алардын арасында жаш балдар дагы бар, - деп тактады ал. - Биздин өкмөт бизге жардам берет деп ишенем. Болгону 2-майда аэропортту ачып коюшса болот эле. Болгон үмүтүбүз ушунда.

Эске салсак, буга чейин КРнын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев мекеме чет өлкөлөрдө калып калган кыргызстандыктарды кайтара албай турганын билдирген.
Ал көптөгөн чек аралар жабык экенин, ал эми авиакаттамдар токтотулганын эске салган. ТИМ сырттагы жарандарды аэропортторго келбей турууга чакырган, анткени, аларды мекенге алып келүү маселеси азырынча чечиле элек.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх