Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте өзгөчө абал маалында дарыгер ишинен мыйзамсыз айдалган (видео)

  • жолу 1136 кароо

Минара Кулматова президенттен аны кызматына кайтарууну суранды

Бишкектик дарыгер Минара Кулматова мыйзамсыз түрдө ишинен бошотулганын айтып берген видеосу интернетте тарады.

Анын айтымында ал № 18-ҮБДТнун профкомунун төрагасы болуп эсептелет.

"Мен Минара Кулматова, 20 жылдык эмгек тажрыйбам бар, профкомдун төрагасы, ошондой эле Октябрь районунун профкомунун төрагасынын орун басарымын. Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде мени башкы дарыгер Тилек Жантайбеков өзгөчө абал боюнча жарлыкка карабай мыйзамсыз түрдө кызматтан бошотуп жиберди. Ал өлкөдө ансыз да тынч эмес маалында мага куугунтук уюштурду.

Ал ушул жылдын февраль айында аларга мыйзамдуу сый акы берилбей калганы ага белгилүү болгондон кийин куугунтук башталганын түшүндүргөн.

"Февраль айында бизге депутат Аида Исмаилова башында турган комиссия келген. Мен анда 2019-жылдын 19-апрелинде жана 10-майында дарыгерлерге премия берилгенин уктум. Бирок, кызматкерлердин бул боюнча кабары болгон эмес. Башкы дарыгер премияны өзүнүн тааныш 11 кызматкерине берип коюптур. Алар өз кезегинде акчаны башкы дарыгерге өткөрүп бериштиптир. Андан кийин ал акчаларды башкы дарыгер эмне кылганы белгисиз. Жамааттык чогулуш болгон эмес, колдор эски күн менен коюлган. Мен профкомдун төрагасы катары бул маселени көтөргөнүмдөн кийин мага куугунтук башталды", - деген Кулматова.

Анын айтымында буга чейин Жантайбеков оор берене боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

"Криминалдык тажрыйбасы менен жамаатты коркутчу. Мен өзүмдүн жана жакындарымдын өмүрү менен ден-соолугуна кооптонуп жатам. Урматтуу президент, мени кызматыма кайра кайтарууңузду суранам", - деп суранган врач.

Фото жана видео www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх