Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Уят!». Бишкек комендатурасы өткөрмө кагаз менен такси кызматын көрсөтүп жүргөн амалкөй айдоочулар жазаланарын билдирди

Мекеме атайын пропусктарды берүүдө көзөмөлдү күчөтөрүн убадалады

Бишкекте өзгөчө абал режиминин алкагында киргизилген тыюуларга карабастан айрым айдоочулар жеке унаалары менен жүргүнчүлөрдү ташып иштөөнү улантышууда.

Борбор калаанын комендатурасы мындай тартип бузуучулар интернетте жарыялаган жарнамаларынын сүрөттөрүн жарыялады.

Авторлор аларда блокпосттордон тоскоолдуксуз өтүү үчүн өткөрмө кагаздарга ээ экенин жазышкан.

«Шаардыктардын чектен чыккан жоругу! Уят! Кээ бир адамдарга азыр уруксат кагаздар өмүрүнө тете маанилүү! Биз пропусктарды чындыгында эле керектүү учурларда гана берүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок, жарандар аларды максаттуу колдонбогон учурлар көбөйүп жатат.

Биз көзөмөлдү күчөтөбүз. Бул жарнамалык билдирүүлөрдүн авторлору жоопко тартылат», - деп билдирди комендатура.

Ошондой эле мекеме мындай учурлар катталса тартип сакчыларына билдирүүнү жарандардан суранды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх