Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөчө абал узартылды. Өткөрмө кагаздар эмне болот?

Блокпосттор аркылуу өтүүгө уруксат ала элек жарандар онлайн-режимде билдирүү толтура алышарын билдирди

Кыргызстанда өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

Буга байланыштуу Бишкек комендатурасы буга чейин берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү өзгөчө абалдын аягына чейин автоматтык түрдө узартыларын маалымдайт.

Уруксат кагазга муктаж адамдар мурдагыдай эле 1312.tunduk.kg порталында онлайн-билдирүү бере алышары белгиленди.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун, Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу боюнча жарлыкка кол койгон.


Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх