Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 19га көбөйдү. Арасында 15 дарыгер бар
Жалпы жонунан COVID-19 менен жабыркагандардын саны 449га жетти
Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустук инфекцияны жуктурган жаңы 19 учур катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
-Алардын ичинен Бишкекте - 5 , Ошто - 12, Ош облусунда - 2, - деди ал. - Жалпы ооругандардын саны - 449. 15 дарыгер илдетти жуктуруп алган. Өткөн сутка ичинде 7 бейтап ооруканалардан чыгарылды. Жалпы жонунан 78 адам айыгып чыкты. Ооруканаларда 366 адам бар, алардын ичинен 11и оор абалда, жетөө кайра жандандыруу бөлүмүндө.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз