Сутка ичинде 6 дарыгерден коронавирус аныкталды
Өлкө боюнча коронавирус жуктурган ак халатчандардын жалпы саны 140ка жетти
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 6 медициналык кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу онлайн-брифингдин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.
Анын айтымында жалпы жонунан COVID-19 140 дарыгерден аныкталган.
Жаңы катталган учурлардан үч дарыгер Жалал-Абад облусунан, Оштон бирөө, Нарын облусунан бирөө жана Бишкектен да бир медициналык кызматкер бар.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз