Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коронавирустан Кыргызстанда дагы эки киши көз жумду. Илдетке чалдыккандарга 14 адам кошулду

Өлкө боюнча коронавирус аныкталган бейтаптардын саны 568ге жетти

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки киши көз жумду. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Каза тапкандардын бирөө Чүй облусунан, экинчиси Ош шаарынан экени белгилүү болду.

- Чүй облусунда илдеттен 70 жаштагы улгайган байбиче каза тапты, ал медициналык жардам үчүн абдан кеч кайрылган, биз аны сактай албай калдык, - деп тактады ал. - Ошто дагы 79 жаштагы карыя көз жумду. Анын башка дагы өнөкөт оорулары бар болчу.

COVID-19 өлкөдө ушуну менен 7 адамдын өмүрүн алды.

Үсөнбаев өткөн суткада өлкө боюнча коронавирус 14 адамдан аныкталганын кошумчалады: Бишкекте - 4, Чүй облусунда - 2, Ошто - 4, Жалал-Абад облусунда - 3, Нарын облусунда -1.

Өлкө боюнча коронавирус аныкталган бейтаптардын саны 568ге жетти.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх