Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Урмат Барыктабасов президентке: Балыкчыдагы эки үйүмдү Кумтөргө саткыла, элиме жардам берейин

Барыктабасов мекенине кайта албай калган кыргызтандыктарга жардам берүүнү чечкен

Мурдагы белгилүү олигарх Урмат Барыктабасов бийликке кайрылып, Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнүн эки имаратын сатып, чет өлкөдөн мекенине кайта албай калып калган кыргызстандыктарга жардам берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазган.

«Урматтуу Президент!
Соронбай Шарипович!
Урматтуу премьер министр!
Мухаммедкалый Дүйшекеевич!

Менин сиздерге кайрылуумдун себебин айтып берейин.
Чет элде толтура жарандарыбыз келе албай жатат, алар бизге керек.
Алардын акчасы да түгөндү..
Бул жерде толтура эл, акчасы түгөнүп жатат,эмне кылаарын билбей.
Эл баарыбызга керек.

Кумтөр сатылсын деген да ураан чыгып кетти.
Мен каршымын..
Күмтөр элдики,турсун..
Карыз да сурап жатасыңар.

Менин Балыкчыда эки имаратым бар, ошону саткыла, Күмтөр менен келишип.
Балыкчыда, Күмтөрдүн ишканасы жайгашкан, керектеп алат.
Мен элим менен бөлүшөйүн.
Имараттарды Кумтөрдүн жетекчиси менен сүйлөшүп бергиле, сатып алганга.
Сатыктан түшкөн акча, элдин керегине жарасын.
Элиме берейин.
Жаратканым да, элим да ыраазы болсун.
Бир топ эле каражат болуп берет.
Элим да, өкмөт да, кайтарбай эле койсун, кайтса Жаратканымдан кайтаар..
Башым аман болсо, андай имараттын жүзүн салам.

Урматым менен
Балыкчы шаарынын тургуну Урмат Барыктабасов», - деп жазган ал .

Эске салсак, буга чейин ал Балыкчы шаарында жайгашкан «Алия» мейманканасын коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн берүүгө даяр экенин билдирген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх