Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмнеге бир кап эмес? Бишкектик айым жардамга келген 10 килограмм унга нааразы болду

БШКнын төрагасынын жардамчысы кээде жарандардын арасында жакшылыкты түшүнбөгөндөр менен да туш болушарын айтып берди. Ал жарандарды ач көздүүлүктөн алыс болууга чакырды

Коронавирустан улам Кыргызстанда киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери көптөгөн жарандарды күнүмдүк иштеп-тапкан каражаттарысыз калтырды.

Оор турмуштук кырдаалга кабылган кыргызстандыктага кайдыгер эмес мекендештер, ошондой эле саясатчылар менен ишкерлер жардам көрсөтүшүүдө.

Бирок, кээде активисттерге азык-түлүк алгандар ыраазычылык сөздөрдүн ордуна жемелеген учурлар да жок эмес.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировдун жардамчысы Бектур Фейсбук социалдык тармагында ушундай окуялардын бирин баяндаган.

«Кечээ Жаныбек Абиров экинчи ирет көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты. Мен жардамчы катары баштыктарды салыштырып, таратканга жардам берип жүрдүп. 100дөн ашык азык-түлүк пакеттерин чогулттук.

Мен бир колума 10 килограммдык ун, экинчи колума азык-түлүк салынган баштык көтөрүп бир үйгө кирсем, мени көргөн эже: «Элдер мүшөктөп таратып жатат, эмне сенде 10 эле кг» деди.

Урматтуу достор, азыркыдай оор күндөрү ач көздүүлүктөн алыс болсок. Бир мүшөк ун бир үй-бүлөгө бир ай, ал эмес эки айга жетет. Ошол эле мүшөктү бөлүп, бир нече үй-бүлөгө жардам берген жакшы эмеспи.

Биз чын жүрөктөн жардам берип, адилеттүү таратканга аракет кылдык», - деп белгилеген ал.

Манас Кольбаев
Фото www.

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх