Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын дарыгерлеринин зар какшаган үнү: Өзүбүздү кордолгондой, алданып, колдонулгандай сезип жатабыз

Айласы кеткен врачтар бийликке агынан жарылган кайрылуусун жолдошту

Бишкектин, ошондой эле Аламүдүн районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда эмгектенген ак халатчан дарыгерлердин тобу жардам көрсөтүүнү суранышып, купуя кайрылууу жолдошту.

Медициналык кызматкерлердин билдирүүсүн саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Елена Баялинова өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялаган.
Кайрылууда ак халатчандар коргоочу костюмдары жок коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон жарандардан анализ алышканын жана аларга убадаланган кошумча төлөмдөр берилбегенин айтып беришкен.

Жетекчилик жумуштан айдап же сөгүш берет деп корккон дарыгерлер арызын анонимдик негизде жазышканы белгиленген.
«Биздин көйгөйлөрүбүздү жеткирүүнү өтүнөбүз. Көбүбүздүн айлабыз кетип, эмне кыларыбызды билбей турабыз, өзүбүздүн, жакындарыбыздын, балдарыбыздын, кызматкерлердин алдында кемсинтилгендей, жетекчилик тарабынан алданып жана жөн гана колдонулуп кеткендей сезип жатабыз.. Абалга таасир этүүгө жардам бериңиздер», - деп жазышкан дарыгерлер.

Сиздерден суранабыз:

1). Ош жана Бишкек шаарларында эле эмес, өлкөнүн башка аймактарында дагы индикаторлорду алып салуу.
2). Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана башка медициналык кызматкерлердин эмгек маянасынын базалык ставкасын 25-30 миңге көтөрүү.
3). КТУну (коэффициент трудового участия) калтыруу.
4). Коронавируска каршы күрөшүүгө тартылган бардык дарыгерлер менен медициналык кызматкерлерге кеминде үч айлык эмгек акынын өлчөмүндө шыктандыруучу төлөмдөрдү төлөп берилсин (илдетке чалдыккан дарыгерлерге эле эмес).
5). Коронавирус тарап жаткан шартта иштеп жаткан дарыгерлер менен медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүн азык-түлүк жактан колдоо (биздин жашоо 5 кг ун, 1 куту чай, 2 л. суу май жана 2кг кант турбайт, медиктерге берилген калган продуктулар кана?)
6). Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондорго биринчилерден болуп коргоочу костюмдарсыз, болгону бир жолку бет кап, бир жолку халат менен күнү-түнү барып, мурундарынан мазок алып жаттык. Ошол эле маалда жаныбызда бутунан башына чейин талаптагыдай коргоочу каражаттар менен коргонушкан райондон келген Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн дарыгерлери менен эпидемиологдору жөн гана бизди карап, анализ алып, документ толтургула деп бизди айдап жатышты. Биз, үй-бүлөлүк дарыгерлер солдаттарга окшоп, буйрукту аткарып, мазокторду алып жаттык. Бул биздин милдет эмес болсо дагы! Тамак, мурундардан мазокту СЭКдүн дарыгерлери, эпидемиологдор алышы керек болчу, аларга кошумча төлөмдөр да берилмей болуптур, кайсы кылган иштери үчүн? Жакында бизди, ҮДБнун дарыгерлерин мазок алуу милдетинен бошотушуп, көчмө бригадалар түзүлдү, а биз жылаңач колдорубуз менен иштеген ошондогу күндөр үчүн ким акча төлөп берет? Айына 30 миң өлчөмүндө кошумча төлөмдөрдү илдетке чалдыгуу коркунучуна карабай кооптуу шарттарда иштеген бизге, ҮБДнун дарыгерлерине төлөп берүүнү талап кылабыз.
7). Дарыгерлерде вируска туруштук бериш үчүн иммунитети менен ден-соолугун чыңдоого убакыты да каражаты да жок. Жумушка жөө барып, жөө келип, бардык жер жабык болгондуктан, ошондой эле убакыттын жогунан эмне тапса ошо менен тамактанып жатышат. Биз витаминдерди сатып алууга да кошумча акча сурайбыз, анткени өз өмүрүбүздү тобокелдикке салып, элдин саламаттыгын коргоп жатабыз. Демөөрчүлөр тарабынан бизге, медиктерге, өзгөчө үй-бүлөлүк дарыгерлерге которулган акчаны иммунитетибизди көтөрүп, өмүрүбүздү узартууга бөлүп бергиле.
8). ҮДБнун дарыгерлерине социалдык турак-жай куруп, ипотека боюнча жеткиликтүү үйлөрдү берүү маселесин караштырууну талап кылабыз, биз ушул күнгө чейин батирлеп жүрөбүз.
9). Бардык кызыкдар тараптардан биздин абалыбызды түшүнүү менен кабыл алып, биз тирүү кезде жана сиздерге керек болуп турганыбызда биздин көйгөлөрүбүздү чечүүгө жардам берүүнү өтүнөбүз.
10). Жарандык активисттер менен бизге жардам берүүнү каалаган бардык жарандардан сураныч, бул маселелердин чечилишине таасир этүүгө колдоо кылып,саламаттык сактоо кызматкерлерин колдош үчүн түшүп жаткан каражаттын сарпталышына да көзөмөл кылыңыздар.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх