Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

COVID-19 Кыргызстанда дагы 22 адамдан аныкталды. Алардын ичинен жетөө - ак халатчандар

Республика боюнча тастыкталган учурлардын саны 590го жетти

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 дагы 22 адамдан аныкталды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Жаңы катталгандардын ичинен 8 бейтап Бишкектен, Ош облусунан - 3, Ош шаарынан - 6, Нарын облусунан - 5 адам, - деп маалымдады ал. Арасында 7 медициналык кызматкер бар.

Үсөнбаев бүгүн ооруканалардан 15 бейтап чыгарылганын кошумчалады.

Ооруканаларда учурда 367 бейтап коронавирустук инфекциядан дарыланып жатышат.

- Алардын ичинен 12 бейтап оор абалда, бешөө кайра жандандыруу бөлүмдөрүндө, - деп тактады министрдин орун басары.

Муну менен бирге Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү күнгө карата 6 дарыгер айыгып, кызматына кайра киришкенин билдирди.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх