Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда коронавирустан көз жумган улгайган аял доктурга жатуудан баш тартып жүргөн

70 жаштагы жашы улгайган байбичени доктурга кыркырап калганда алып келишкен

Чүй облусунда коронавирустан көз жумган аял үй-бүлөсүндөгү беш киши менен тыгыз контактта болгон. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

- Көз жумган байбиче 70 жашта болгон, ал көп убакыттан бери үйүндө ооруп жаткан экен, - деп белгиледи ал. - Олуттуу өнөкөт оорулар менен ооруган, бирок, медициналык жардам сурап көпкө кайрылган эмес. Анын үстүнө доктурга жатуудан баш тартып жүргөн. Ооруканага кыркырап калганда алып келишкен. Биздин дарыгерлер коронавируска текшерип көрүүнү чечип, анализ анда вирус бар болгонун көрсөткөн.

Маркум менен байланышта болгон жарандар дарыгерлердин көзөмөлү менен үй карантинине алынышты.

Муну менен бирге саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Түркиядан чартердик каттам менен келген кыргызстандыктарды эмне себептен үй карантинине алышканын түшүндүрүп берди.

- Алгач алар «Ак Кеме» мейманканасындагы обсервацияга жаткырылган, - деп эске салды Үсөнбаев. - Тест жасалып, анализдер чыккандан кийин алардын телефондоруна карантиндин сакталышын көзөмөлдөп турчу атайын тиркеме жүктөлгөн. Үйүндө шарты барлардын бардыгы үй карантинине алынды.

Министрдин орун басары Түркиядан операциядан жана дарылоодон кийин келген жарандар ооруканага жаткырылганын кошумчалады.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх