Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Муфтият карантин шартында битир-садаганы кантип берүүгө болорун түшүндүрдү

Битир-садаганын баасын да бекитилди

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы карантин шартында битир-садагы кантип берүүгө болорун түшүндүрдү.

Муфтияттын басма сөз кызматы битир-садагы электрондук капчыктар аркылуу берүүгө болорун Vesti.kg сайтына маалымдады.

- Биздин жарандар битир-садагаларын RSK24 мобилдик тиркеме менен РСК Банк аркылуу же болбосо терминалдар аркылуу бере алышат, - деп такташты алар. Алымдар кеңеши менен муфтият битир-садаганын суммасын да бекитти. Учурда баалар туруксуз болуп жаткандыктан, акча которууда 1 кг буудай (ун, мейиз) же болбосо 3 кг 200 грамм арпа, курманын баасын кароо керек.

Эске салсак, ушул азык-түлүктөрдүн баасына барабар болгон сумманы үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү берет.

Битир-садага - бул ыйык Орозо айында муктаж адамдарга кайрымдуулук иретинде берилчү акчалай жардам.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх