Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарындагы блокпосттордо милиция кызматкерлери эмес, жөнөкөй тургундар иштеп жатабы?

Түштүк калаанын ЖККБ андай эмес экенин, болбосо бул мыйзамсыз болмоктугун билдирди

Оштогу блокопосттордо милиция кызматкерлери эмес, жөнөкөй тургундар иштеп жатабы? Бир нече видео жүктөгөн соцтармак колдонуучусу ушундай суроону салган. Тасмада өзгөчө абал маалында блокпостто кызмат өтөп жаткан ИИМнин кызматкеринин күнүмдүк ишинен үзүндүлөр көрсөтүлгөн. Бирок, видеонун автору анын каарманы - күч түзүмдөрүнүн штаттан тышкары иштеген кызматкери, жарандык киши экенин айткан.

«Блокпосттордо чынында кимдер иштеп жатышат: ИИМнин кызматкерлериби же форма кийип алган жөнөкөй тургундарбы?» дейт автор видеодо.

Эгерде анын айтканы чындык болсо, анда мындайга жол бергендер жоопкерчиликке тартылууга тийиш экени түшүнүктүү. Бирок, Ош шаардык ЖККБ жаран тарабынан айтылган маалыматты четке кагышты.

- Биздин блокпосттордордо эч кандай штаттан сырткаркы кызматкерлер жок, - деп билдирди алар Vesti.kg сайтына. – ИИМнин кызматкерлери, КРнын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери, ӨКМ жана медициналык кызматкерлер гана. Милициянын формасын кийген жарандык кишилер жок.
Мекеменин басма сөз кызматы экинчи даражадагы жолдор менен айылдардын кире беришинде жергиликтүү администрациялар тарабынан коюлган блокпосттор болушу мүмкүн экенин белгилешти. Аларда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жок - жергиликтүү ыктыярчылар турат адатта. Бирок, түштүк калаада эмес.

- Бул мыйзамсыз болмок да, - деп белгилешти алар.

Кандай болгон күндө да жарандардан блокпосттогу тартип сакчыларынын мыйзамга ылайык келбеген аракеттери боюнча түшкөн арыздар аз эмес. Башаламандыкка жол бербөө үчүн абалы көзөмөл алдына алган дурус.

Фото www
Видео Instagram

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх